Тарых билүү эмне үчүн?
Өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай мамлекет кандай балакеттерге кириптер болду, мына ошолордон бир-бирден кабар берет. Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдардын адилдигинен ыйбаратланат. Ошону менен бирге окуучуларга илим-билим пайда болот. Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарых билүү керек. Өтө этибарлуу бир илим. Тарыхтын пайдасы.
Тарых билген адамдар оболкулардан алып көргөн шекилдүү билет. Бир кез орунда отуруп алып, нечен миң жашка чыккан адамдай билет. Кыскасы-замандын оболунан акырына чейин билет. Тарых окубаган адам кимди билет? Кайсы тарыхты обол билүү керек?
Ар иште тартип болгон шекилдүү тартибинче баруу керек. Оболу жети атасын, бара урук-туугандарын, өз уруусун жана кыргыз элин,андан соң башка элди билүү керек. (Осмонаалы Сыдык уулу "Мухтазар тарых кыргызия").
"Тарыхый эс-тутум болмоюн салт-санаа (маданият) болбойт, маданиятсыз тарбия жок, тарбиясыз-рух, дух болбойт, рухуң болбосо-сен АДАМ эмессиң, АДАМ болбосо-ЭЛ кайдан болсун." Г.Н. Волков-орус тарыхчысы.
Түрк доорундагы атактуу тарыхчынын бири болгон Абулгазынын эмгегинде кыргыз тууралуу төмөнкү сөздөр жазылган: "Угуз кандын Кыргыз аттуу небереси бар эле, кыргыз эли ошонун насилинен, укум-тукумунан болот" - дейт. Тарыхта Угуз кан мындан 4800-5000 жыл илгери жашагандыгы маалым.
Ал эми кытай жылнаамаларында, биздин заманга чейин 200-жылдарында кыргыз мамлекети Гягунь деген ат менен туруп, "тондуу уул" деген ат беришип, ошол уруунун тең укуктуу жараны болгонго мүмкүнчүлүк беришкен. Уруулук түзүлүш Кыргыз элинин негизги бутагы болуп, нечен ондогон кылымдарды басып өтүп ушул күнгө чейин "Кыргыз" деген ыйык атты сактап келген. Эгер уруудагы жетим-жесир, оору-сыркоо, акылынан айныган адам болсо дагы уруу эли аларды баккан, каралашкан. Бирөө багуусуз өлсө, же башка элге тентип кетсе , уруу эли сөзгө калышчу. Уруу башчылары айыпка жыгылышчу. Ору ска киргенибизден кийин, падышанын буйругу менен академик, этнограф Виноградов деген Шабдандын үйүндө он жыл самоор кайнаткан малай болуп жүрүп, кыргыздардын кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун өздөштүргөн экен. Архивден табылган Виноградов дун Падышанын наамына жазылган ишбаянында (отчетунда) кыргыздарды кыңк эткис кылып башкаруу үчүн:
1.Уруулук түзүлүштү кыйратыш керек. Ал үчүн саясат ойлоп табыш зарыл. Манаптарды бийликтен четтетип, ата-уулдарын бийлик үчүн карама-каршы койсок эл бузулат. Ошондо аларды бөлүп-жарып башкаруу оңой болот;
2. Үй-бүлөөдө балдарды аталарына "Көп аял алат, аялдардын эркиндиги"-деген шылтоо менен үй ыркын бузуш керек;
3. Сырткы коркунуч элди бириктирет экен. "Аны биз коргойбуз"-деп сырткы коркунучту болтурбаса ич ара бийлик үчүн элди кармаштырса эл ичи бузулат дептир.
Ошондон кийин Орус-Тузем мектептерин ачып, болуш-бий байлардын балдарын орусча окутуп, "Силер билимдүү болуп чыгасыңар, ал эми аталарыңар караңгы"-деп кулактарына куюшкан. Бул сөздү Совет доорунда, ал гана эмес азыркы күндө дагы чала сабат мугалимдер окуучуларына айтып келишүүдө.
Биздин элдин эч качан караңгы болбостон, тескерисинче дүйнөдөгү эң маданияттуу элдерден болгондугун дал ил деген бир нече мисалдарды келтирейин.
Кыргыз эли 37 музыкалык аспап ойлоп чыгарган. Миллиард эли бар Кытай дагы мынча музыкалык аспап ойлоп чыгара алган эмес. "Манас", "Семетей". "Сейтек" эпостору баш болгон "Эр төштүк", "Эр табылды", "Кыз Сайкал", "Жаныш-Байыш", "Кожожаш", "Курманбек","Саринжи Бөкөй", "Карагул ботом", "Жаңыл Мырза" сыяктуу баш аягы элүүгө жетип жыгылган "улуу" жана "кенже" эпосторубуз, беш жүздөн ашык жөө жомокторубуз менен ар түркүн тарыхый аңыздарыбыз бар. Кошоктор, тарыхый кошоктор, тарыхый ырлар, санат, күү ырлары, насыят, терме, салт ырлары, аитыштар, ар кандай санжыралар менен уламыштардын саны беш миңден ашат. Он миңден ашуун макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтарга ээбиз. Комуз, ооз комуз, жыгач ооз комуз баш болгон сурнай, керней,сыбызгы,чоор, кыл кыяк, добулбас сыяктуу ондогон музыкалык аспаптарда жаралган күүлөрдүн саны миңдеп саналып, учу-кыйрысыз мейкиндиктей сезилет. Мындай маданий байлык эч бир элде жок. Мына ушунун өзү эле биздин элдин байыркы, улуу, көрөгөч, акылман, сезимтал эл экендигин даңазалап отурбайбы. Эң кызыктуу жана баалуулугу ушунча байлык мурдатан китеп бетине түшпөстөн, ооздон оозго айтылып, сакталып келгендигинде. Мынча байлыкты ооз эки түрүндө терең маданияттуу, сөздү абдан барктаган, куйма кулак, эске тутуму терең, зирек эл гана сактап калууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анан кантип ушунча байлыгы бар элди "караңгы" дегенге оозуң барат? Дегеле ошол "Мурунку кыргыздар караңгы болгон" деген мугалим сөрөйлөр санжыраны коюп жети атасын билишет болушту бекен? Мен башка элди басынткым келбейт. Ошол эле учурда өзүбүздү өзүбүз басмырлап, тарыхыбызды билбей туруп, көрүнгөндүн тааңуулагандарын өзүбүзгө кабыл ала бергенибиз ата-бабаларыбыздын жана келечек муундардын дагы алдында чоң күнөөгө батып жатканыбыз деп ойлойм.
Ушунча улуу, эбегейсиз зор эмгек менен жаралган маданиятты элибиз эне тилинин тазалыгы жана сөз байлыгы кенендиги аркылуу сактап келген. Ата мекенибиздин өткөндөгү тарыхын, санжырасын жазып калтырган көрүнүктүү ишкер Василий Васильевич Радловдун эмгектери өзгөчө баага татык. Түпкү теги немис улутунан чаккан Радлов (немисче аты Фридрих-Вильгельм) 1858-жылы Берлин университетин бүтүргөндөн баштап бүт өмүрүн Россия менен байланыштырган. В.В.Радлов биздин жерибизге 1862 жана 1869-жылдары келип кеткен. Ошол окумуштуунун кыргыздар жөнүндө жазгандарынан кыскача баян беребиз: "Кыргыздардын сүйлөгөнү ыргактуу. Алар сөзгө чечен, чукугандан сөз тапкыч жана ар бири, ал турмак эң эле билимсизи да өз тилин ушунчалык жакшы билет дейсиң, мындайды Европадан, орустар менен француздардан гана көрүүгө мүмкүн. Бир нерсени баяндап, аңгеме дүкөн куруп жаткан кыргыздарга жайдары көңүл, ачык маанай мүнөздүү. Кара калпактар, түркмөндөр жана өзбек дыйкандар билимсиз көчмөндөрдөн начар сүйлөшөт. Ал эми шаар калкынын билимдүү катмары кыйла начар сүйлөшүп, сөз таба албай мукактангандыгынан алар менен баарлашуу өтө эле көңүлсүз. Мындан башкача болушу эмес. Алар өз тилинде түшүнө албай турган нерселер менен алек. Кыргыз жомокторду, болумуштарды, дастан жана ырларды өз эне тилинде угат. Ушундан улам ал далай сонун сөздөрдү үйрөнөт. Эсине сактайт жана пайдаланат. Өзбек болсо эң жөнөкөй аңгемени да өзүнө анча түшүнүксүз тилде угат жана ал илимге канчалык тереңдеп кирген сайын илимдин тили ага ошончолук түшүнүксүз боло берет. Окуган (уккан) нерсесинин төркүнүн, маңызын табуу адаты пайда болот да, түшүнүксүз сөздөрдү жөн эле кайталап, жаттоого көнүгөт. Албетте мындайда эске тутуу өнүккөнү менен ошол эле учурда акылдын башка касиеттери начарлайт. Окуучу он беш жылдын ичинде дайыма тилге байланыштуу кыйынчылыктар менен алпурушууга аргасыз болот. Аларды жеңүү- окумуштуунун максаты. Бирок бул марага жеткен бактылуулар чанда чыгат"-деп жазган экен.
Ушу тапта жанагы өзбектердин ордунда биздин эл болуп, өз эне тилибизди унутуу менен нечен кылым бою чогулткан маданиятыбызга таасын баа берип, барктай албай же орус тилди толук өздөштүрүп кете албай ара жолдо турган чагыбыз.
Кыргыз эли эзелтен бери эле эч качан аялды кордоп, кемсинткен эмес. Сөзүм кур болбош үчүн 1898-жылы орус география коомунун саякатчыларынын катарында Памир жана Алайда болуп кеткен италиялык саякатчы Феликс Рокканын эскермелеринен үзүндү келтирейин: "Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздар өз апа, энелерин, аялдарын урматташкандай кылып аялдарды урматтагандар аз кезигет. Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт. Тескеринче өз эркектери менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлөө жана уруу маселери чечилип жатканда аялдардын ою да сөзсүз эсепке алынат. Кыргыз көчмөн калкынын аялдары менен түрк гаремдеринде ийнеликтей араң жан олтурушкан аялдардын ортосундагы айырманын чоңдугу айтпасак да түшүнүктүү. Ошентсе да ал баары бир азиялык, мусулман аялы бойдон кала берет. Кыргыз эркеги канчалык орой болсо дагы (бардык эле мусулмандар, азиялык сыяктуу) өзүнүн турмушундагы аял маанисин баалай билет. Ал өз сүйгөнүн өтө назик сөздөр менен эркелетет: оройлуктун изи жок калып, баягы эркек мүнөздүү аялдар анын кыялынан айым кыздар болуп чыга келгенсийт.
Ошондуктанбы, кыргыз аялдарынын ысымдарынын арасында көбүнчө Алмагүл, Пистегүл, Алва, Карлыгач, Жибек сыяктуу аттар кезигет.
Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар жөнүндөгү аңгемелери кыргыз жана түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун да элестетет. Эрктүүлүгү, чарбачыл акылмандыгы менен азия чөлкөмдөрүнүн аялдары 13-кылымда эле туран өлкөлөрүнө саясатка барышкан европалыктарды тангалдырган. Француз королу Людовик 9 Монголияга жөнөткөн Гийал Рубруктун жазгандарын (1253-ж.) жана франциялык монах Планакарпанинин китебиндеги Чынгызкандын Кара-Корумдагы белгилүү ордосу жөнүндө (1247-ж.) окуп олтуруп эрксизден алар азыркы кыргыздар жөнүндө жазып калтыргандай туюлат.
"Монгол аялдары менен кыздары ат үстүндө эркектерден кем калышпай жүрө алышат,-деп жазат папа Иннокентий 4 жөнөткөн саякатчы,- алар өтө шамдагай жана бардык ишке тыкан келишет. Алар жаа менен эркектер сыяктуу эле таамай ата билишет".
Кыргыз аялы өтө жогору бааланганын ал үчүн кымбат калың төлөнөөрү да далилдеп  тургансыйт. Кыргыздар чыныгы азиялык калк катары аялды өтө баалашат. Келин үй-бүлөнүн гана эмес, өзү келин болуп келген уруунун да байлыгы катары саналат. Кыргыздарда улууларды сыйлоого өтө терең мамиле жасашат. Тамак тартуу учурунда да меймандарга аксакалына карай устукан таратышат. Мейман тосуу кыргыздарда эң ыйык салттардын бири катары эсептелет: алыска жол жүргөн адам кыргыз жеринде дайыма ал кайсыл жерде токтоп, түнөп калбасын, өзүнүн курсагы тойгузулуп, атына жем-чөп беришине ишене берсе болот. Кыргыз өз коногун сыйлоону өз ар-намысы деп билет. "Мейман-бул кудайдын сүйгөн адамы", "Конок атаңан улуу" деген макалдары бар"-деп жазат Ф.Рокка.
Бул курулай сөз эмес. Башка элден айырмаланып кыргыз кыздары менен аялдарынын арасынан ат минип жоого каршы аттанган, эки тизгин бир бир чылбырды колго алып эл башкаргандар коп чыккан. Томирис, Кыз Сайкал, Наалы эже, Жаңыл Мырза, Курманжан датка ж.б. болушу буга мисал боло алат. Орус падышасы баштап, Совет доорунда уланган "Аялдардын теңсиздигин жою" аттуу саясат элибиздин келечеги үчүн азыр дагы зор зыян алып келүүдө. "Эркектерге теңелебиз"-деп аялдар көркү болгон чачтарын кыркышып, шым кийишип, эркектерге жарыша арак ичишип, тамеки чегишип, сөгүнүп-сагынып сүйлөшүп, аялдык назиктигин жоготуулары менен кадыр-барктарын кетиришип бара жатышат.
Эгер мурда эркектер аялдарды төбөлөрүнө көтөрүп жүрүшсө, азыр аялдар эркектердин бут алдына түшүп, кээ бир учурда буюм катары дагы колдонуп калган учурлар бар. Эркектер аялдарын "Апасы", аялдар эркектерин "Атасы" дешип бири-бирине зор урмат менен кайрылышкан. Ата-энелер балдарына кыйкырбастан, жүрүм-турумдары аркылуу тарбия беришкен. Азыркы күндөгү ата-энелердин туура эмес жүрүм -турумдары балдарыбызга терс таасирин тийгизип келүүдө. Кыргыздар эркек балдарды кичинесинен эле өз алдынча болгонго тарбиялап, көп эркелетишпеген. Бир уккан окуяны айтып берейин. Боз үйдө мейман тосуп жаткан үй ээси эшиктен үйгө кирип: "Эшикте бир баланы уй сүзүп жатат! Алып койгулачы"-дептир. Көрсө ал өз баласы экен.
Өзү алганга болбойт. Ата баласаак болбошу керек. Эркек киши өзүнчө үй көтөргөндө, өмүрүнүн акырына чейин тамак-аш бышырган үйгө кирүүгө акысыз болгон. Тентектик кылган уулу же күнөөгө баткан аялы ашканага кире качса эркек артынан кире алган эмес. Үй эси казан-аякка киришүүгө акысы жок.
Кыз кишини эрке өстүрүшкөн. "Кыз киши конок" деп абдан урматташкан. Бирок бойго жеткенден баштап баскан-турганы теске алынып, оокат жасоону үйрөтүшкөн. Кыздардын кыял-жоругун териштиргенге милдетти жеңелерине тапшырышкан. Эмне кылуу керек?
Биринчи кезекте ар бир жаран, эркек же аял болобу, кыргыз тарых-санжырасынан таанышып, турмуштагы өз орундары менен милдеттерин так билүүлөрү жана аларды аткаруулары тийиш.



Салт
Кыргыз эли байыркы эл болгондуктан салттарынын көбү тээ замандан бери сакталып келе жатат. Ислам дининин келиши менен салттары менен адаттарына бир топ өзгөрүүлөр кирген.
Элибизде адам баласы жаңы төрөлгөндөн тарта көзү өткөнгө чейин жасала турган ырым-жырымдар менен салттык жөрөлгөлөр бар:
1.Жаңы төрөлгөн балага ат кою;
2.Кырк күндөн кийин кыркын чыгаруу;
3.Бир жашка чыкканда тушоосун кесүү;
4.Үч-төрөткө чыкканда эркек балдарын  сүнөт тоюн өткөрүү;
5.Бойго жеткенде (18 жашка чыкканда) үйлөнтүү;
6.Эркек  балдарга  калыңын төлөп берип, өзүнчө үй көтөрүү;
7.Кыз кишиге сеп даярдап, күйөөгө узатуу;
8.Көзү өткөн ата-энесинин зыйнатын кылуу, жыл өткөндөн кийин ашын берүү;
9.Куда тосуу;
Булардан башка элибизде бири-бирине сыйлап-урматтоого багышталган көптөгөн салттары орун алган. Кыргыз эли эч качан эки сүйлөгөн эмес. Калп айтканды билбеген. Бирөө бир нерсе сурап келсе, байкоостон "Берейин" деп айтып алса сөзсүз түрдө сөзүн аткара билген. "Айтылган сөз атылган ок"-деп, айтылган сөздү аткарбай коюну өлүмгө тете кабыл алышкан. Мындан 2200 жыл илгери Кыргыз мамлекети болгондугу белгилүү. Ошентсе дагы ал мамалекеттин кандай адаттары, мыйзамдары болгондугу белгисиз. Ал эми 840-жылы түзүлүп, 10 кылымдын орто ченине чейин Борбордук Азияда эң кубаттуу өлкө болуп турган Кыргыз каганатында кандай мыйзам адат-нарк болгондугу жөнүндө маалымат бар. Кыргыз кагандыгынын башында «Каган турган. Бул наам түрктордөн, түрктөргө жужандардан калган. «Каган»-«император» деген наам менен эле тең туруп,  ата «Кок теңирим озү сүйгөн пендесине гана ыйгарат»-деше турган. Кагандан кийинки мамлекеттин башкаруучулары болуп «чоң төрөлөр» алты даражага бөлүнүшүп, алты тармакта башчылык кылышкан-аскер иши, коомдук иштер, акча каражаттары, шаан-шөкөт, мыйзам көзомөлдоө жана кызматка орноштуруу боюнча башкармалыктар болгон. Аскер башкармалыгында төмөндөгүдөй наамдар берилген: эң чоңу-Берең, андан кийин-Ноен, Кыраан, Миң башы, Жүз башы, Он башы болуп бөлүнүшкөн. Төрө-дин башында тургандарга, Аяр-ички тартипке көзөмөл салгандарга, Мырза-ат жазуу иштерин жүргүзгөндөргө ыйгарылган. Уруу башчысын-Бий аташкан.
Кыргыз мамлекетинин мыйзамдары  атал, ошол эле учурда абдан адилеттүү болгон. Мамлекетке каршы кылмышкерлер өлүм жазасына тартылышчу. Мындан башка жазалоонун эки түрү болгон:
1. Кылмыш иштери үчүн колдонула турган кун;
2. Майда кылмыш үчүн колдонула турган айып.
Кун.
Бул жазанын бирдиги катары адамды өлтүрүү эсепке алынат. Эр куну 100 сары таман ат, аял куну 50 ат болгон. Бий өлтүрүлсө эр кунунан жети эсе көп. Ханга (каган) кун болгон эмес.
Кайыңдаган кызды бузуп алса бир тогуз (бура, атан, асый, бышты, кунан, тайлак, кой, эчки, топоз) төлөшкөн. Никеде турган аялды күч менен алып кетсе же кызды зордуктоо болсо, өлтүрүлгөн адамга берилүүчү кундун жарымын төлөө талап кылган. Жашы онго жеткен баланы өлтүрүү кундун үчтөн бир бөлүгүн төлөө менен жазаланган. Эгер кишинин көзүн чыгара койсо же оң колун кокустатса, ошондон кийин ал иштей албай калса ага кундун жарымы, эгер кылмыш аялга карата жазалса кундун төрттөн бир бөлүгү төлөнгөн. Эгерде күйөөсү аялын никелик шартты бузуп жатканда кармап өлтүрсө эч кандай жазага тартылбаган.
Айып.
Эң чоң жазасы - үч тогуз. Бул айыпты акыректи(далыны) сындыргандар, сол колду же таманды (согончокту) кокустаткандар жана бийлерди уруп жибергендер тартылышкан. Эки тогузду бөтөн аялдын күйөөсүнө кармалып калган адам төлөөгө милдеттүү болгон. Бир тогузду баш бармакты сындыргандар же бийди келекелеп, мазактаган адам тарткан. Кош бойлуу аялды жыгып кеткени жана ушундан улам ал аялдын баласы боюнан түшүп калса-беш айга чейинки бала үчүн ар айына бирден жылкы, ал эми беш айлыктан өтсө ар бир айга бирден төө төлөмөр болгон. Тишти сындыра чапса же чыгара урса, манжаны сындырса жана башты жаракат кылуу бир жылкы жана чапан менен айыпталган. Эгер, сөөмөй же ортон сынса мындан тышкары эл алдында тизелеп кечирим суроо талап кылынган. Уурулук үч тогуз менен жазаланган. Ат уурдап баратканда кармалган ууру мындайча жазаланган:
1. Өзү минип келген атты алып коюшкан;
2. Ал уурдаган аттын үстүнө кошуп дагы эки атты айып катары-бирөөнү уурдалган аттын моюн үстөгү, экинчиси уурдалган аттын куйругуна улоо катары төлөтүшкөн. Төө үч жылкыга, жылкы он койдун баасына барабар болгон. Ууру кылгандар үчүн айыптан башка дагы жазалар каралган. Биринчи жолу со л колдун торт манжасы, экинчиде билектен чабылган. Үчүнчү жолу түшсө "Оңолбос" - деп, башын чаап сууга кайнатып, этинен ажыратып, сөөгүн атасынын мойнуна илип коюшкан. Өлөөр өлгүчө көтөрүп жүрүшүп, өлгөндө кошо көмүлгөн. Ошондуктан кыргызда эшикке кулпу салынбаган. Эшикке таяк эле тиреп коюшкан. Алтын агып жатса дагы эч ким алган эмес.
Кыргыз кагандыгы кулап, алсырап, эл куюгуп, чачылган учурлар болгон. Ошол мезгилде кыргыз элинде адат-нарк бузулуп "өз билемдиктер" орун алып, эл арасындагы ынтымак бузулган. 1991-жылга чейин Кыргыз эли өзүнчө мамлекет кура албаса дагы 16-17-кылымдарда жалпы кыргыз элине кан болуп Моңолдор уруусунан Самансур чыккан. Самансур өз учурунда баатыр, эл башын бириктирген гана инсан болбостон, ошол учурда өкүм сүрүп жаткан "өзүм билемдикти" токтотуп, адат-нарк, насилди тартипке келтирген. Бир аз кошулма болгону болбосо негизинен 10-кылымда кулаган Кыргыз каганатынын мыйзамдары кайра күчүнө киргизилген. Ошо күндөн Совет бийлиги орногонго чейинки убакытта кыргыз эли Самансур кан тартипке келтирген мыйзам менен жашап келген. "Кеңеш өкмөтү адилет бийлик орноткон"-деп келебиз. Мүмкүн. Ошентсе дагы мурунку бийлик менен Кеңеш өкмөтүнүн бийлигин салыштырып көрөлүк. Кеңеш өкмөтүнө чейинки бийликте абак (түрмө) болгон эмес. Күнөөлүлөр айыбынын салмагына жараша айып же кун төлөшүп, өтө оор айыпкерлер өлүм жазасына тартылган. Адамды эркиндигинен ажыратып, кыйнашкан эмес. Адам эркиндиги өтө жогору бааланган. Жада калса жоодон түшкөн бөтөн жигит дагы бара-бара ошол урууга толук кандуу мүчө болууга акылуу болгон. Бир гана аларга "тондуу бала" деген ат коюлуп кала берген. Ал эми "Адилеттүү" деген Кеңеш өкмөтүнүн жүргүзгөн бийлигин карап көрөлү. Бул өкмөттү адилетсиз элди кыйнаган жагынан кул ээлөөчүлүк замандагы Байыркы Римдин бийлигине салыштырсак болот. Андан ашса ашкан. Бирок кем болгон эмес.
Күнөөсү эмес, бир эле байкоостон айтылган сөз үчүн эчен эр-азаматтар эч күнөөсүз жерден "эл душманы" аталышын абактарда (түрмөлөрдө) сай-сөөктөрү сыздап, атылып дагы кетишкен. Адам эркиндиги эң бир ыплас ыкмалар менен тебеленген. Адам жаралгандан бери эң каардуу, кан ичер, зулум падыша болгон Гитлер дагы элди кандай кыйноону Кеңеш өкмөтүнөн үйрөнгөн. Себеби биринчи концлагерлер Советтер Союзунда курулган. Мына бүгүн Совет империясынын кулаганына жыйырма жылдын жүзү болсо дагы дале болсо күнөөсүнүн салмагына карабастан (тоок уурдаганын деле, адам өлтүргөнүн деле) алпарып абака (түрмөгө) тыгып келүүдөбүз. Түрмөдөн эч ким оңолуп келбегенин баарыбыз билебиз. Ушу күндө эң алдыңкы өлкөлөрдөн болгон АКШ менен Европа мамлекеттеринде биздин кыргыз элинин Кеңеш өкмөтүнө чейинки колдонулуп келген мыйзамдарын заманбап жашоого карай өзгөртүп, өз турмушунда пайдаланып келүүдө. Мисалы АКШда өтө оор эмес кылмыштар үчүн айып жөрөлгөсү (залоговая система) каралган, ошол эле учурда оор кылмыштар (аял зордуктоо, адам өлтүрүү, мамлекетке чыкканчылык кылуу сыяктуу) катуу жазаланат. Кээ бир штаттарда өлүм жазасы дагы колдонулат.  Эгер биз эртеңки күнүбүздүн келечегинин кең болуусун кааласак, ар кимдин айтканын уга бербестен, элибиздин мындан миң жыл мурун жазып кеткен мыйзамдарын азыркы заманбап жашообузга тууралап иштеп чыгып, турмушубузга колдонгонубуз оң: (колго түшкөн туткун болсо дагы) кылган эл болгондуктарын баса көрсөтүшөт.
Ушул жазма булактардан белгилүү болгондой 2200жыл ичинде кыргыз элине оңой болдубу? Жок. Бирде ыркка келишип,ынтымагы күчөгөндө ар уруудан турган эл бир тууга биригип, душманына селдей каптап кирип, ат тезегин кургатпай, Чыгышы азыркы Владивостокко, Батышы Францияга чейин жетип турду. Ынтымагы кетип ар уруу өз ара чачыраганда, кечээ эле алардын кол алдында турган элдер биригип басып-кирип, элибиз сайда саны, кумда изи жок болгон күндөрү да болду.
VI кылымда Барсбектин, XV кылымда Мухаммед кыргыздын башчылыктары менен кыргыз эли бир тууга биригип, өз алдынча мамлекет болууга чоң аракеттер кылынды. Тилекке каршы бул аракеттер ишке ашкан жок. 840-жылы Уйгур каганатын жеңүү менен Кыргыз эли өз алдынча Кыргыз каганатын түзүп, 920-жылдарга чейин, 80-жыл бою Борбордук Азиядагы эң күчтүү мамлекет болуп турду. Бул мамлекетке В.В.Бартольд "Улуу кыргыз державасы"-деген эң туура баа берген.
Кыргыз элинин бир уруусунан чыккан Адыл хан (Атила) 4- кылымда Эдил(Волга) дарыясынан Тун (Дунай) дарыясына чейин зор мамлекет куруп, Батыш Рим империясы менен Византияны салык төлөттүрүп турган. Кыргыз элинин ичинен бөлүнүп кетип, башка аттар менен бөтөн элди башкарып калган учурлар өткөн тарыхыбызда көп кездешкен. Өкүнүчтүүсү ар себептерден улам толук  аныктаган маалыматтар бизге жетпей калгандыктан, кыргыз эли азыркы күндө аз эл аталып, турмуштагы өзүбүздүн татыктуу ордубузду жоготуп койдук. Буга бир нече себептер бар."Конок атаңан улуу"- деген меймандостугубузду өзгө элдер өз пайдасы үчүн чечип келүүдө. Тарыхтан бир мисал.
VI кылымда европалыктар жөөттөрдү (еврейлерди) Жакынкы Чыгыштан кууп салышканда, Адыл кандын империясынын мурасы болгон Хазар каганаты (азыркы Россиянын Европалык бөлүгү, Украина, Белорусия,Кавказ чөлкөмдөрү) жөөттөргө өз мамлекетинде жашоого мүмкүнчүлүк берген. Жалаң алып-сатарлык менен оокат жүргүзүп келишкен жөөттөр акыры бара-бара дүйнөдөгү бардык байлыкты басып алышып, кечээ эле жер кезип куулгандарын унутушуп салышты. Азыркы күндө жөөттөр түрк тилдүү элдер менен жалпы мусулмандарга каршы иш жүргүзүп, кууп жиберишкен европалыктарга боор тартып турушат. "Адам арыгын сактасаң төбө каңдайт, мал арыгын сактасаң ооз майлайт" - дегендей, биздин ата-бабалар убагында көтөрмөлөгөн элдерден запкы көрүп келүүдөбүз. Орто Азиядагы алгачкы сарттар дагы жөөттөр болушкан, "Бухар еврейлери" деген ат менен. "Сыныктан башканын баары жугуштуу"дегендей, сарттар менен коңшу жашоо көчмөн өзбектерди, акыркы күндөрү биздин элди дагы алып-сатарлыкты негизги кесип кылып, эли-жерибизди, дүр-дүнүйөбүздү, болгон байлыгыбызды, ал гана эмес ар-намысыбызды сатууга түрткү берип келүүдө.
Ушул өткөн 2200 жыл ичинде кыргыз эли нечен жолу чабылып-чагылганын жогоруда айта кеттик. III – IV кылымдарда Жужан кагандыгынан, VII – VIII кылымдарда уйгурлардан, X- XI кылымдарда наймандар менен кидандардан (кара кытайлардан) запкы көрүшкөн. Чыңгыз кандын тушунда өз эрктери менен баш ийишип башында көп кырылбаганы менен кийинчерээк бир нече козголоң чыгарышып, нечен эр-азаматтарынан айрылышкан. Чыңгызкан түзгөн империя башына анын небереси Хубилай келип, Юань династиясын түптөгөндөн баштап кыргыз эли көп жоготууларга учураган. 1389-жылы Юань династиясы кулаганга чейин согушчан кыргыз элинин күч алып кетишинен чочулаган Хубилай жана анын тукумдары белгилүү болуп, Хун мамлекетинин батыш тарабынан орун алганы айтылат.
Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Азыркы убакта Борбордук Азияда(Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикистан,Түркмөнстан,Монголия, Түндүк Кытай, Алтай, Хакас, Тыва республикалары) жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты ушунча эрте жолуккан бир да эл жок. Бул чөлкөмдө жашаган элдердин туура 21(жыйырма бири) тарыхта такыр эле атын жоготуп (карлук, текрин, тумат, керейит, салдус, жужаң ж.б.), же болбосо майда уруу-урук болуп (кыпчак,коңурат, төөлөс, тобой ж.б.) башка элдерге сиңип кетишкен. Азыркы убакта жашап жаткан элдердин кээси 6-кылымдан 10-кылымга чейин (уйгурлар, моңголдор ) кээси X кылымдан XV кылымга чейин (казактар, өзбектер, түркмөндөр,калмактар ж.б.)пайда болушуп, өзүнчө улут болуп калыптанышкан. Бул айткандарымды ырастаган чет элдик окумуштуулардын: В.В.Бартольддун, Феликс Рокканын, Н.Я.Бичуриндин, Е. Кычановдун, Мурад Аджинин, А.Левшиндин, А.Н.Бернштамдын, С. Абрамзондун, В.В. Радловдун о.э. кыргыз элинин окумуштууларынын: С. Закировдун , С. Аттокуровдун, Б. Солтоноевдин, кыргыздын атактуу санжырачылары: Тоголок Молдонун, Осмоналы Садык уулунун, Талып Молдонун, Бала Айылчынын, Балыкооз Бекмурат уулунун, Үсөйүн ажынын, Муса Байгара уулунун эмгектери жана айтып кеткендери бар. Мындан башка дагы аты аталбаган окумуштуулар, санжырачылар элибиз жөнүндө көөнөрбөс эмгектерди жаратып кетишкен.
Ар улуттун өкүлү болушуп, ар кимиси ар убакта жашап, маалымат булактары ар тараптан алынган болсо дагы, аты аталган жана аталбаган инсандар бир ооздон кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң Улуу, жоокер жана согушчан, ошол эле убакта абдан адамгерчиликтүү элден болушуп, согуш эреже-тартиптерин катуу сактап, адамдарга аяр мамиле аларды күч менен ар тарапка, көбүнчөсүн Батыш Манчурияга көчүрүп, майдалатып жиберишкен.
Жужаңдар өтө таш боор жана мыкаачы эл болушкан. Жанагы Ч.Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасындагы туткундарын "Маңкурт" кылган эл ушулар. Адам дар дын акыл-эсин алуу бир гана Жараткандын колунда. Адамды маколукка айланткан жужаңдар каргышка калып, улут эмес, кичине урук атын дагы алып кала алышкан жок.
Уйгурлар менен болгон согуштар дагы жеңил болгон эмес. Бир жолку чоң жеңиштен кийин уйгурлар кыргыздардын болгон аттуу-баштуу эр- жигиттерин кыргынга учуратып, кыргыздар дээрлик жыйырма жыл (Жаңы төрөлгөн бала жыйырма жашка чыккычакты) бою баш көтөрө алышкан эмес.
XVI-XVIII кылымдардагы калмактар менен орустардын бириккен союзу аркылуу жүргүзгөн кыргыздарга каршы согуштардын натыйжасында Енесай кыргыздары өздөрүнүн "Кыргыз" деген тарыхый аттарын жоготуп, Хакас, Алтай, Тыва элдерине бөлүнүп, майдаланып кеткен. Ал эми Ала-Тоолук кыргыздарга дагы жеңил болгон жок. 1685-жылы болгон "Калмак жапырыгында" кыргыз менен казак эли эчен азаптарды баштан өткөрүп, жер кезип,бөтөн жерден баш паанек издеп, качан гана калмактар Кытай империясы тарабынан 1750-жылы кыйрагандан кийин өз мекенине кайтып келишкен.
Сарттардын (жөөттөрдүн) саясаты менен иш жүргүзгөн Кокон хандыгы дагы тили менен дини окшош болгонуна карабастан кыргыздарга жакшылык алып келген жок.
Кечээ эле бир эл болгон кыргыз менен казактын ортосунда нечен кандуу окуялар болуп өткөн. Эки ортодо нечен эр-азамат каза таап, көптөгөн жетим-жесир пайда болду.
Майдаланып олтуруп, улуттук аң-сезим төмөндөн кеткендиктен, элибиздин уруу башчылары биригип " Бир жакадан баш, бир жеңден кол"чыгара албастан, ар ким өз уруусунун кызыкчылыктарын көздөп, алдуулары алсыздарына ыдык көрсөтүп "жапайы токой мыйзамдары" менен иш алпарып, кыргыз элинин биригүүсүнө шарт түзө алышкан эмес.
Ошол кезде (18-19-кылымдарда) абдан күч алып келе жаткан Орусия империясына бугу эли, бара бардык түндүк кыргыздар, анан бара түштүк кыргыздар букаралыкка өтүшкөн.
Кыргыздардын оруска баш ийүүсү элибизге зор өзгөрүүлөрдү алып келген. Азыркы күнгө чейин "Оруска баш ийип жыргадык", ошол эле учурда "Оруска баш ийип куурадык"дегендер бар. Төмөндө биз дагы бир аз талкуу жүргүзүп көрөлүк. Чындап эле эл күткөндөй орус келгени тоноочулук, чоң уруунун, кичи урууга ыдык көрсөтүүсү токтоп, тынчтык өкүм сүрүп, аздап болсо дагы тамга таануу пайда болуп, жер иштетүүгө, өнөр жайга көңүл бурула баштаган. Ошону менен бирге терс көрүнүштөр пайда болду. Баарыдан мурда бийлердин зулумчулугу күчөп, алып жегенге шарт түзүлгөн. Уруучулук убагында болсо уруу бийлеринде анчалык деле бийлик күчтүү болбогон. Себеби ал кезде уруу бийлери элдин артынан бийликке келишкендиктен эл менен эсептешүүгө мажбур болушкан. Ал эми орус бийлигинин колдоосун алган болуштар элди каалагандай эзе баштаган. Параны ким берсе ошонун пайдасына чечим чыгарып, болуштун жасоолдору карапайым элдин башына түшкөн мүшкүл болгон. Илгери элдин корккону тыштан келген жоо болсо, кийин душман өз ичинен чыккан атка минген жемекейлер болуп чыкты. Мына ошол кезде түзүлгөн зулум бийлик элдик толкундоолорго алып келип, 1916-жылы элибиздин зор трагедиясы болгон "Үркүндүн" чыгышына себепкер болгон. Ошол күндөн ушул күнгө чейин элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койгон жетекчилерге элибиз абдан жарды болуп келе жатат. "Бул жалганда баары сатылат. Бир гана ар нерсенин өз баасы бар"-деген жөөттөрдүн саясаты элибиздин канына сиңип кирип, элибиздин бир нече ондогон кылымдар бою топтогон нарктуулугу менен барктуулугу жоголуп, азыркы күндө боор ооруй турган абалга туш келип, "Биз жоголуп кете турган элдердин катарына кирип калдык"-деп, кас-душмандарыбыздын элибиздин арасына атайын тараткан бузуку ойлоруна башыбызды ийип, өз тамырыбызды өзүбүз кыйып жатабыз. "Бардык нерсе Жараткандын калоосу менен болот"-дегендей, биз жок болобузбу, же башка жок болобу, аны көрө жатабыз. Бир гана нерсе, эгер биз жараткандан жакшы каалоо-тилекти сурансак жакшы жагына оойбуз. Ак-караны көп аңдабаган баёлугубуз менен арабызда дагы көптөгөн душман дар жүргөнүн баамдабай келе жатабыз. Алар Кыргызстан эгемендүүлүгүнө зор зыян алып келе жатышат. Убагында туңгуч президентибиз Аскар Акаевге коррупцияны, үй-бүлөөлүк башкарууну үйрөткөн дагы ошолор дешет. Ал эми Бакиев бул жат көрүнүштөрдү Акаевден мурас катары кабыл алган. Акыркы парламенттик шайлоо элибизде дале болсо эл кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон эр-азаматтын (элитанын) жоктугун айгинеледи. Немис окумуштуусу Макс Вебер "Элита" деген сөздү мындай чечмелеген: “Элита – бул Кудай тарабынан берилген асыл сапдттарга ээ, иштерман, акылы зирек, улут кызыкчылыгын баарынан жогору койгон, харизмасы күчтүү, юридикалык жактан жетекчилик кызматка шайланган инсан". Малакайын алдырып жиберүүдөн коркуп, кожоюнунун көзүн караган "маңкуртка"окшоп, парламентке өткөн кээ бир партиялардын Орусияны көздөй чуркашы адам жийиркенерлик иш болду.
Дагы элибиздин бир көйгөйү - аракечтик. Ата Мекендик согуш учурунда жана андан кийин коммунист чоңдор "За Родину", "За Сталина"- деп тост көтөрүп, ичпей койгон кишини "эл душманындай" көрүшүп олтуруп, кызматкерлер өңчөй аракка ык коюп, аларды башкалар көрүп элге аракечтик жайылып кетти. Аракечтик элибизге жалгыз келбей, өзү менен кошо элибиздин нарк-насилине жат көрүнүштөрдү: ойноштукту, зөөкүрлүктү, көңүл коштукту, ич ара ыдыроону, жетим-жесирлердин көбөйүшүн, сабатсыздыкты, сөз баалабоону, улууну урматтобоону ала келди.

Санжыра

Эзелтен бери келе жаткан тарыхыбыздын кагаз бетине түшпөстөн, оозеки түрдө айтылып келген түрү-санжыра аталат.
Санжыра-элибиздин көркөм тарыхы жана байыртадан бери келе жаткан ата-мурасы. Арабдын чажара-дарак деген сөзүнөн алынган. Демек, кыргызча санжыра деген сөз элдин тарыхын дарак сыяктуу тамыр-бутактатып, тарамдатып айтуу дегенди билгизет.
Жакынкы мезгилдерге чейин эле санжыра айтуу элди уруу-урууга бөлөт деп түшүнүп жүрдүк. Бул-куру кыйкырык, куру сөздүн арааны жүрүп, түркөйлүктүн кара бороону бабаларыбыз мурастаган асылзаада ойлорду биздин акыл-эсибизден оолактатып айдап бара жаткан учурдагы пикир эле. Санжыра чындыгында бир уруу журт гана эмес, улутуна карабай, бардык пенденин түбү бир атадан келип чыгат деген ойду ырастайт. Бул адамзат акылынын эң аялуу бүтүмү.
Эл ичинде атасын билбегенди "Жетесиз кул" - дешет. Бул сөз тегин жерден чыккан эмес. Себеби ар атанын өз аталышы бар. Мисалы:
1.Ата
2.Чоң ата
3.Баба
4.Буба
5.Куба
6.Жото
7.Жете
Ошондуктан жети атасын билбегенди "Жетесиз" дешет. Азыркы заманбап жашообузда дүйнөдөгү алдыңкы окумуштуулар "Сөзсүз кан алмашуусу керек, ар улуттан төрөлгөн балдардын ден соолугу чың, акыл-эси жайында болот"-деген бүтүмгө келишти. Жети атанын билүүнүн эң орчундуу орду-бул жети ата өтмөйүнчө кыз алып, берүүгө жаратылыш мыйзамы жол бербейт. Демек, келечегин ойлогон ар бир жаран жети атасын сөзсүз түрдө билип, улуттун тазалыгына салымдарын кошуулары абзел.
Уруучулук.
Азыркы күндө уруу жөнүндө сөз кылсаң: "Мен кыргызмын, урууларды билүүнүн зарылчылыгы канча? Кичине кыргыз эми урууларга бөлүнүп чачылабызбы?"-деген суроолорду койгондор бар.
Ар бир иштин оң жана терс жактары болгондой, уруучулуктун дагы оң жана терс жактары бар. Убагында чоң уруулар аз урууларга кордук көрсөткөн учурлар болгон. Бирок бул көрүнүш көбүнчө уруу башына алысты көрө албаган адамдар келгенде болуп, жалпы элибиздин тарыхында чоң роль ойногон эмес. Ушу тапта дагы билими, адистиги төмөндүгүнө карабай "Кандай болсо дагы биздин бала эмеспи, көтөрмөлөп коёлу"-деген түшүнүк элибиздин кедергисин кесип келүүдө. Биз терс жактарына көз чаптырдык. Ал эми оң жактарына баа бериш үчүн тарыхка бир аз кайрылып көрөлү. Кыргыз элинин урууларынын ичинде таптык бөлүүнү болгон эмес. Дүйнө жүзүндөгү бирден-бир эл бийликти атадан балага мурастабастан, тээ замандан бери эле шайлоо аркылуу уруу башчыларын,бийлерди башчылыкка убактылуу бир мөөнөткө (үч жылга) дайындап, аларды аксакалдар кеңеши (парламент) көзөмөлгө алып келген. Булардын үстүнөн көз салган жыл сайын өтүүчү элдик курултайлар ар урууда өткөрүлүп, анан барып, Улуу Курултайга чогулушкан. Кыргыз эч качан өз элинен кул күткөн эмес. Башка элден келгендерди дагы элдик курултайда карашып, териштирип тукумдан экени байкалып калган. Буга бир кырдуу сыноолор аркылуу баа беришкен:
1.Учурашууда кичүү улууга, атчан жөө адамга, кырдагы ойдогуга, эки атчан келе жаткса чыгыштан келе жатканы, эшиктен кирген үй ичиндегилерге салам берүү;
2.Ар бир кыргыз жигити жети атасын, урук-туугандары, туулган жери жөнүндө маалыматтарды билүү;
3.Топ жыйынга келгенде аты менен элди омуроолобой, обочороок түшүп басып баруу жана камчысын сүйрөбөй бүктөп алуусу үйгө киргенде дагы керек болгон;
4.Тамак келгенде улунуп-жулунбай, этти кыя кесип шашпай тамак жеп, колго суу куйганда ыраазычылык айтуу;
5.Сүйлөөрдөн мурда укканды үйрөнүп, улуулардан озунуп же бура тартып сүйлөбөстөн, сүйлөгөндө улуу кишиге тике карабай сыпаа сүйлөө;
6.Түнөгөн үйүнө берген ашынын аз көбүнө карабастан ыраазычылык кылып бата берүү;
7.Уктаганда ал адамдын кандай жатып, кандай турганы.
Мына ушундай сыноолор аркылуу элибиз эзели тааныбаган адамга сын бере алган. Анын кандай тарбия көрүп, тектүү же тексиз уул экенин баамдашкан.
Мал жандуудан жылкыга абдан зор маани берип, аны барктап, бапестеген. Күлүк атты унаа катары гана карабастан, согуштук курал катары да кабыл алышкан. Элибизде ат жөнүндө айтылган макалдардын көптүгү буга далил боло алат.
Канаттуулардан алгыр куштарды (бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын, турумтай, жагалмай, кыргый, тургун ж.б.) таптап, аң чылык кылышкан. Бир бүркүт менен бүтүндөй бир айыл жан сактаган күндөр дагы болгон. Бекеринен элибизде "Алгыр куш, күлүк ат, сулуу кыз, баатыр жигит элдики"- деген сөз айтылып калган эмес.
Тайган таптап, ууга чыгышкан жана алгыр тайгандын баасы жакшы аттын баасынан кем болбогон.

Оюндар
Кыргыз оюндары бир нече топко бөлүнгөн:
1.Жоокердик оюндар
Ордо атыш;
Жамбы атыш;
Көкбөрү (улак тартыш);
Балбан күрөш;
Эр сайыш;
Ат чабыш;
Эр оодарыш;
Аркан тартыш;
Тыйын эңмей;
Жорго салыш;
Кунан чабыш.
Бул оюндар эр жигиттердин оюну болуп, ат үстүндө шамдагай, ыкчам, күчтүү жана айлакер болууга багытталган.
2.Балдар оюндары:
Чикит чапмай;
Жашынмак;
Кубалашмак;
Ак чөлмөк;
Эшек секиртмей;
Чакмак алышуу;
Дүмпүлдөк;
Элден-элден эл чабар;
Жоолук таштамай;
Токту сурамай;
Чүкө оюндары;
Бул оюндарды боз балдар, кыздар, кээде бойго жеткен жигиттер менен кыз-келиндер ойношот. Жалпысынан бул оюндар балдардын аң-сезимин өнүктүрүүдө жана денелерин чындоодо ойногон орду чоң.
3.Аш-тойлордогу оюндар:
Таз сүзүштүрүү;
Жылаңач чабышуу;
Өпкө чабышуу;
Жөө чабыш;
Аялдардын сайышы;
Кыз куумай;
Төө чечмей жана баардык жоокерлик оюндар ойнолгон.
Бул оюндар бир чети көңүл ачуу болсо, экинчиси тарбия-таалимдик, денени чындоо мааниге ээ болгон.
4.Кыз бергендеги оюндар:
Кыз берүүдөгү майда оюндар;
Төшөк талашуу;
Селкинчек;
Өлөң айтуу;
Бул оюндар көбүнчө кыз узатууда ойнолгон.
5.Акыл эсти, аң-сезимди өстүрүүчү оюндар:
Тогуз коргоол;
Упай;
Жогоруда аталган оюндар нечен миңдеген жылдар мурун пайда болуп, ойнолуп келе жатат. Бу да болсо элибиздин улуулугунун бир далили.

Кыргызчылык

Элибиздин аң-сезимине акыркы күндөрү бир жаман иш болсо эле "Кыргызчылык кылып жатабыз", кечигип келсек "Кыргыз убагында келбейт", сөзүнө тура албагандарды "Кыргыздар сөзүнө тура албайт" деген түшүнүктөр сиңип кетти. Бу "кыргызчылык" деген эмне? Кыргызчылык-бул эң терең илим. Чети оюла элек казына. Өтө жогорку денгээлде өнүккөн философия.
Кыргызчылык-бул элибиздин тарыхы, санжырасы, уруулук түзүлүшү, салты, адат-наркы, сынчылыгы; согуш жөндөмдүүлүгү, оюндары жана көөнөрбөс мурасы болгон-маданияты. Кыргызчылык-бул элибиздин меймандостугу, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, сөзгө бек болгондугу, ыймандуулугу, марттыгы.
Мен жогоруда айтып кеткендин бардыгы элибиздин абдан билимдүү, зээндүү, зирек, мээрман эл экенибизди далилдеп турат. Ошондуктан урматтуу окурман сизге айтарым, эгерде элибиздин келечеги кең болуп, эртеңки таңыбыз агарып атып, жергебизде , бейпил турмуш курулуп, бөтөн элдер бизди сыйлоосун кааласаңыз:
 Нечен кылым карыткан элибиздин санжырасын, тарыхын, үрп-адаттарын, салттарын, маданиятын, нарктуулугун, тилин, дилин, барктуулугун, изилдеп, тактап-окуп чыгыңыз. Окуганыңызды башкаларга баяндап бериңиз. Кыргыз болуп төрөлгөнүңүзгө сыймыктаныңыз.
 Ушунчалык зор руханий байлыктын ээси болгон кыргыз элинин кулуну болуп жаралганыңыз үчүн жаратканга ыраазычылыгыңызды билдириңиз.
 "Байлык колдун кири"-деген, түшүнүк менен бүгүнкү кыйналып турганыбыздын эртең жыргалы болооруна ишениңиз. Бир гана руханий байлыгыбызды жоготуп коюбуздан кооптонушубуз керек. Шүгүр дейли, дале болсо көрөңгөбүз бош эмес. Ошону сактап калалы. Көчөлөрдө бура бастырбаган кафе, ресторан, казино, сауна, түнкү клубдардан алыстайлы. Элибиздин адатына, салтына, наркына жат болгон бул көрүнүштөр көптөгөн каражаттарды талап кылуу менен бирге, ыркыбыздын, ынтымагыбыздын кетишине шарт түзүп келүүдө.
 Өтө чоң эмес күнөөлөр үчүн ( биринчи жолу уурулук кылгандар менен мушташып кеткендер ж.б.) абака (түрмөгө) салбастан айып тарттыруу;
 Айыбын төлөй албаса эл алдына чыгарып кечирим суратып, кара жумушка кесүү;
Өтө оор кылмышкерлерге (зордукчуларга, атайлап адам өлтүргөндөргө ж.б.) жазаны күчөтүү.

Согуш эрежелери

Кыргыздар жөнүндө айтып жана жазып кеткен окумуштуулар, тарыхчылар, санжырачылардын дээрлик бардыгы, улутуна, ошондой эле жашаган мезгилине карабастан, бир добуштан элибиздин баатыр, эр жүрөк жана согушчан эл болгондугун баса белгилешет. Ар дайым коңшулары менен согуш абалында болуп туруу элибизден өзүнүн согуш эрежелеринин болушун талап кылган.
Эр жеткен ар бир жигит ар убак согушка даяр болууга милдеттүү болчу. 17 жаштан 50 жашка чейинки эр азаматтар аскердик күч болуп саналган. 14 жашында же болбосо 70 жашта жоого ат танып, эр сайгандар жөнүндө аңыз кептер көп кездешет. Ар жигит барып он башыга. Он башы барып жүз башыга бириккен. Он жүздүк аскери бар адам Миң башы аталган. Он миңдик барып түмөндү, бир нече түмөн канатты түзгөн. Оң канат, сол канат, борбордук канат болуп Кыргыз аскердик күчү топтолгон. Ондукту-он башы, жүздүктү-жүз башы, миңдикти-миң башы, түмөндү-кыраан, канатты-нойон, жалпы аскердик күчтү-берен башкарган. Бул аскердик түзүлүш, эч суроо талашсыз, бир нече миң жыл мурда пайда болгон. Негиздөөчүлөрү кыргыздар, хундар же башкалар болгону белгисиз. Бир гана айта турган жери, бул аскердик түзүлүштү түрк тилдүү элдер негиздеген. Кыргыз эли түрк тилдүү элдердин эң байыркыларынан болгондуктан, бул түзүлүштүн ээлери кыргыздар деп саноого толук мүмкүнчүлүк бар. Кийинки учурда зор аскер дик жеңиштерге жетишкен Чыңгызкан, Аксак Темир, Осмон империясы ушул аскердик түзүлүштү колдонгон. Азыркы учурдагы бардык өлкөлөрдүн аскердик түзүлүшү, ошол учурда кыргыз каганатынын колдонгон аскердик түзүлүшүн заманбап жашоого тууралап колдонуп келишүүдө. Демек, учурунда Кыргыз эли абдан күчтүү, адис жана аскердик күчтү түзө алган. Мындай аскердик күчтү түзүү-ошол элдин жогорку деңгээлдеги өнүгүүгө жеткендигинин белгиси.
Согуш учурунда качуу же коркоктук кылуу(эгер артынан жаракат алса)абдан катуу жазаланган. Өлүм жазасына тартылган. Ар бир жигиттин экиден аты, куралы дайым даяр болууга тийиш болгон. Куралга найза, кылыч, айбалта, канжар, жаа, чокмор колдонушкан. Коргонууга калкан, чарайна-зоот, туулга пайдаланышкан. Ар түрдүү формада кыр чыгарып, жалпак, канаттуу, үндүү, зоот теше турган жебелерди жасашкан. Музыкалык аспаптардан добулбас, керней, сурнай колдонулган. Бул аспаптарды аскердик кошуунду топтоодо жана жоого кирээрде пайдаланышкан. Комуз аскерлердин эс алуу учурунда жан дүйнөлөрүн эргитип, туулган жерге болгон сагынуусун жандырууга эбегейсиз зор кызмат кылган. Элибиз мүңкүрөп, баштарына оор иш түшүп турган учурда, элден чыккан акындар элди эркиндикке, боштондукка үндөп, элге дем-күч берген учурлар көп болгон.

Сынчылык
Кыргыз эли жогоруда айтылгандай жалаң эле согушчан эл болбостон, абдан баамчыл, сезимтал, даанышман эл болгон. Адамдарга, малга, канаттуу кушка, жаратылышка жана аян берген белгилерге аяр мамиле кылып, таасын баа бере билген.
Эзели тааныбаган жолоочу жигиттин эшиктен кирип салам берип, тамак ичип, жатканга чейин эле ал адамдын кандай экенин билген.
Балким, "Жалгыз менден эмне өзгөрөт"-деп ойлоорсуз. Ал эми сиз, мен, тигил ойлонуп оң жолго түшпөсөк, кол шилтеп, көңүл коштоно берсек, анда ким ойлонот. Сөзүмдүн акырында айтаарым: кыргыздын келечеги кыргыздын колунда. Эчен кылым карыткан кыргыз элинин саясий тактадан жоголуп кетиши-суу кечпей турган нерсе. Бардыгы жараткандын колунда жана биздин көкүрөгүбүз менен каалообузда.
Кыргыздын улуу эл экендигин даңазалаган дагы бир мисал келтирүү менен Дагестандык Кумык элинин кулуну, окумуштуу- геолог Мурад Аджинин "Тюрки и мир. Сокровенная история" аттуу китебинен үзүндү келтире кетейин:
"Почему в долинах Киргизии до сих пор проживают люди "некиргизской" внешности-синеглазые, светловолосые. Как сам царь Кир. В народе их всегда называли "настоящими киргизами", а остальных киргизов их поддаными. Факт,сегодня не вполне понятный, вызывающий сомнения, но прежде сомнений он не вызывал. По правилам древнетюркской грамматики окончание "гиз" значит "ваш",следовательно, налицо выражение "ваше сиятельство", "ваше высочество", "ваше величество". Словом, "ваш Кир". В Сирии (Кирии), например обращение "кир" присутствует поныне-"господин". А у евреев "кир"-"высшая власть", "солнце". Отсюда-"сиятельство", все, как у древних тюрков.
Тема эта очень глубокая и не бесспорная, достоверных исследований по ней нет, генералы от науки запрещали касаться этого деликатного вопроса. История происхождения царской династии тюрков, этих "настоящих киргизов" никогда даже не обсуждалась. То, что написано скорее запутывает, чем объясняет. Видимо, подданые царя Кира когда-то через века присвоили себе имя хозяина, а как?.. Неясно.
Здесь по-новому должна проявить себя Хакасия, откуда родом царская династия Ахеменидов, люди царя Кира. Что, если тот род и есть те самые настоящие киргизы? Вернее, хакасы, которых назвали "настоящими киргизами"? Все же происходило на территории Древнего Алтая, в одной стране, у одного народа. В 18 веке русские уравняли в правах хакасскую знать-киргизов с черны ми людьми... это исторический факт, он и спутал привычные понятия, превратив аристократический титул в энтический термин. К сожалению. Но Низами Гянджеви в известной поэме "Искандер-наме" описал благословенную "страну Хирхиз", что была в верховьях Енисея. В Средние века о ней знали очень хорошо...
Так что можно превратить аристократический титул в этнический термин, но правда от этого превращения не изменится!
Джунгария, Абакан, Анасу (Енисей) и Минусинская котловина скрывают главные свои тайны. Однако топонимы Анасу (мать-река), Абакан (отец-хан) и известные археологические находки в минусинской котловине позволяют верить в успех, надеяться на появление всей правды о прошлом царской династии тюрков. 
Бар бол КЫРГЫЗ элим!