Кыргыз жеринде чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолор, тоо ылдый аккан мөлтүр суулар, көлдөр ар кыл токойлор, шалбаалар менен талаалар, табигый жайыттар жайгашкан.Анын аймагында чөлдөр, талаа-түздөр, токойлор, шалбаалар, бадалдуу өсүмдүктөр, саздар кездешет. Бири-биринен кескин айырмаланып турушкан асман тиреген тоо кыркаларынын жана тоо арасындагы ойдуңдар менен шар аккан дарыялар адам көзүн кубантат. Бул кереметтин ичинде өзгөчө орун Ысык-Көлгө таандык. Бекеринен Ысык-Көл - кыргыз бермети деп айтылбаса керек. Ал тоо арасында жайгашкан. Келген коноктор көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышат. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса, толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун